Редакцияот 28.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы

 

2020-жылдын 28-июлу № 26-2

   

Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын баалоо жөнүндө

Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын отчетун жана жергиликтүү кеңештин бюджет жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы корутундусун угуп жана талкуулап,сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата такталган план боюнча 6070,7 миң сом болуп бекитилген бюджеттин кирешеси 6015,6 миң болуп аткарылгандыгы белгиленсин.

2.Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата чыгаша бөлүгү 6555,9 миң сом аткарылгандыгы белгиленсин.

3.Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы “канааттандырарлык” деп баалансын.

4.Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 2-жарым жылдыгына калган бөлүгүн  сметага ылайык аткарууга алуу жагы ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевага милдеттендирилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Бүркүтбаевге милдеттендирилсин.

 

  Төрага

 К. Шакыев