Редакцияот 28.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы

2020-жылдын 28-июлу № 26-3

    

Сметанын негизинде үнөмдөлгөн акча каражаттарды жылдыруу жөнүндө 

Жергиликтүү кеңештин бюджет жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы “Үнөмдөлгөн акча каражаттарды жылдыруу жөнүндөгү” корутундусун угуп жана талкуулап,сессия

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Пандемияга байланыштуу бала-бакчалар иштебегендиктен,тамак-ашы үчүн каралган Р-70911 бөлүмүнүн 2218-статьясындагы үнөмдөлгөн 210,6 (эки жүз он миң алты жүз) миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлсүн:

-  12,0 (он эки миң) миң сому Р-70911 бөлүмүнүн 2231 статьсына “Назик” балдар бакчасынын ремонтуна;

- 30,0 (отуз миң) миң  сому Р-70111 бөлүмүнүн 2215 статьясына жерлерди инвентаризациялоого;

-  168,6 (бир жүз алтымыш сегиз миң алты жүз) миң сому таажы вирусунун алдын алуу жумуштарына  жумшоого;

  1. “Кичилогистикалык борборго кайналы кургатуучу аппарат сатып алуу” долбоорунун өздүк салымы үчүн коюлган 368,6 ( үч жүз алтымыш сегиз миң алты жүз) миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлсүн:

-          41,0 (кырк бир миң  ) миң сому Боспиек айылындагы Кара-Үңкүр булагына суу кампа курууга;

-          41,6 (кырк бир миң алты жүз) миң сому Гүлдүр-Суу булагынын башын тосмо менен тосуу жана каптаж түтүктөрүн орнотууга;

-          87,5 (сексен жети миң беш жүз) миң сому Боспиек айылындагы чайкананын ремонтуна;

-          37,4 (отуз жети миң төрт жүз) миң сому Жерге-Тал айыл аймагынын аталышын көрсөтүп туруучу көрнөк-жарнактарды жана таштандыларды таштоого тыюу салынган эскертүү тактайчаларын жасатууга;

-          161,1 (бир жүз алтымыш бир миң бир жүз) миң сому кичилогистикалык борбордун айланасын короолоого;

  1. Жогорудагы көрсөтүлгөн бюджеттик бөлүштүрүүлөрдү мыйзам чегинде жумшоо жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Бүркүтбаевге милдеттендирилсин.

 

    Төрага

 К. Шакыев