Редакцияот 28.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын кезексиз  XХVI cессиясы

2020-жылдын 28-июлу № 26-4

    

Айылдык кеңештин акы төлөнүүчү кызмат орунунун тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Жергиликтүү кеңештин бюджет жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомунунун негизинде айылдык кеңештин акы төлөнүүчү кызмат оруну болгон  жооптуу катчы штат бирдигин бекитүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жерге-Тал айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдиги бекитилсин.

2.Тиешелүү штаттык торчону мыйзам чегинде түзүп,Аксы райондук финансы башкармалыгы менен макулдашуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Бош кызмат орунуна конкурс жарыялоо боюнча иш-аракеттерди аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Бүркүтбаевге милдеттендирилсин.

 

    Төрага

 К. Шакыев