Редакцияот 28.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы

 

2020-жылдын 28-июлу № 26-8

 

“Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндө

 

Жерге-Тал айылдык кенешинин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 21-июлдагы “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү,санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрүнүн чечилишине зор салым кошуп жаткан инсандарды “Жерге-Тал айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү,санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык

экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү иш-аракеттерге зор салым кошуп жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Эргешов Алмазбек Манасбековичти “Жерге-Тал айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлансын.

2.    “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү,санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык

экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү иш-аракеттерге зор салым кошкондугу үчүн Абишов Мирзаким “Жерге-Тал айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлансын.

3.    Бул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу

комиссиясынын төрагасы Н.Момуновго жүктөлсүн.

 

 Төрага

 К. Шакыев