Редакцияот 28.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы

2020-жылдын 28-июлу № 26-10

    

Айылдык кеңештин “Ыраазычылык каты” менен сыйлоо жөнүндө 

Жерге-Тал айылдык кенешинин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 21-июлдагы  “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү,санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө салым кошуп жаткан инсандарды айылдык кеңештин “Ыраазычылык каты” менен сыйлоо жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү,санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө салым кошуп  жаткан төмөндөгү инсандар  айылдык кеңештин “Ыраазычылык каты” менен сыйлансын:

1)    Мухаммад Мади-Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын президенти

2)    Мирлан Осмоналиев- прораб

3)    Биймырзаев Мамасыдык – жеке ишкер

4)    Мамытбеков Уларбек- айыл тургуну

5)    Жанышов Сапарбек-жеке ишкер

6)    Сатимова Танзиля   -Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунун жетекчиси

7)    Арзыматов Абдилла- жеке ишкер

8)    Абдыраманов Нурмырза-Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу кмиссиясынын төрагасы Момунов Назаркулга жүктөлсүн.

 

    Төрага

 К. Шакыев