Редакцияот 24.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 24-июну № 1

АРИС программасы тарабынан келген каттын негизинде долбоорду тандоо жѳнүндѳ

АРИС программасы тарабынан келген каттын негизинде айыл ѳкмѳтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык  кенешинин ХХVII-чакырылышынын 35-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.    Айыл ѳкмѳтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси

Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.

2.    АРИС программасынын ПЖР-3 долбоорунун негизинде жайыт

пайдалануучуларга керектелүүчү МТЗ-82 маркасындагы трактор арабасы менен сатып алуу үчүн 25 % ѳздүк салымы 500000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.

3.    Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

4.    Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы  айыл ѳкмѳтүнүн Ф.Э.Бнүн

башчысы Ч Тѳлѳновага  жүктѳлсүн.

 

Момбеков айыл аймагынын Момбеков

айылдык кеңешинин төрагасы

 

Т.Стамбаев