Редакцияот 16.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

 

2020-жылдын 16-марты № 3/1

“Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунун тургуну М.Итибаевдин арызын кароо жөнүндө”

Ак-Сай айылынын Мор-Булак конушунун тургуну М.Итибаевдин Мор-Булак калктуу конушунун жанындагы чоң сайдын ичиндеги кумду пескоблок чыгарып иштетүүгө бериңиз деген мазмундагы арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунун тургуну М.Итибаевдин арызы канааттандырылсын.
  2. Мыйзам чегинде карап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго жүктөлсүн.
  3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Барпиев