Редакцияот 16.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

2020-жылдын 16-марты № 3/2

“Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин арызын кароо жөнүндө”

Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин 1 топтогу майып кызы Абылказы кызы Гүлазимге өз үйүнүн жанындагы ашыкча жерди,

турак жай куруу үчүн берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин арызы канааттандырылсын.
  2. Абылказы кызы Гүлазимге мыйзам ченемдүү турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
  3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Барпиев