Редакцияот 16.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

2020-жылдын 16-марты № 3/4

“Коргон-Дөбө айылынын тургуну Т.Ыманкуловдун арызын кароо жөнүндө”

Коргон-Дөбө айылынын тургуну Ыманкулов Турусбектин Коргон-Дөбө айылындагы жамааттык мечитти айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансына өткөрүп алуу жөнүндөгү арызына негиз жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Коргон-Дөбө айылындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы башкармалыгынан 3-03-07-1003-0194-01 идентификациялык номери менен берилген жерге курулган жамааттык мечит муниципалдык менчикке алынсын.
  2. Муниципалдык менчигине мыйзам ченемдүү өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго, жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
  3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Барпиев