Редакцияот 16.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

2020-жылдын 16-марты № 3/5

“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы фронталдык погрузчикти арендага берүү жөнүндө”

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы фронталдык погрузчикти арендага берүү жөнүндө Ак-Суу айылынын тургуну Б.Эпеевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы фронталдык погрузчик Ак-Суу айылынын тургуну Б.Эпеевге 1 жылдык мөөнөткө 150000 (бир жүз элүү миӊ) сомго арендага берилсин.
  2. Мыйзам ченемдүү арендага актылап өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
  3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Барпиев