Редакцияот 22.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

 

2020-жылдын 22-марты № 1

“COVID-19 илдетин алдын алуу максатында блок пост уюштурууга, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоого акча каражатын кароо жөнүндө”

COVID-19 илдетин алдын алуу максатында блок пост уюштурууга, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоого акча каражатын кароо жөнүндө финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Суу айыл аймагында COVID-19 илдетин айылга жайылтуунун алдын алуу максатында Майлы-Сай-Ак-Суу-Коргон-Дөбө унаа жолунун Кызыл-Мойнок участкасына блок пост уюштурулуп, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүгө 70111 бөлүмүнүн 2215900 беренесинен түрдүү чыгымга 100000 (жүз миң) сом акча каражатына макулдук берилсин.
  2. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам ченемдүү карап иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
  3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Барпиев