Редакцияот 22.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

 

2020-жылдын 22-марты № 2

“Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды, эгинге түшкөн мал акыларына айыптарды бекитүү жөнүндө ”

Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды, эгинге түшкөн мал акыларына айыптарды бекитүү жөнүндө Ак-Суу, Ак-Сай, Коргон-Дөбө айылындагы элдердин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды жана эгинге түшкөн малдын айыптарын бекитүү жөнүндө Ак-Суу, Ак-Сай, Коргон-Дөбө айылындагы элдердин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде төмөнкүдөй айыптар бекитилсин.

-          Чөп чабынды  жерге түшкөн бир баш малга:

А) Кара малга, жылкыга -200 (эки жүз) сом,

Б) Эшекке -200 (эки жүз) сом, 

В) Жандыкка – 50 (элүү) сом

- Эгинге түшкөн бир баш малга:   

А) Кара малга, жылкыга- 500 (беш жүз) сом,                                                                            

Б) Эшекке -500 (эки жүз) сом,                                                                                                              

В) Жандыкка – 100 (жүз) сом

-Эскертүү: Сырттан келген малга эки эсе баада айып салынсын. 

Эгинге, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирилген зыян актынын негизинде төлөнүп берилсин.                                                                                               Айыптан түшкөн акча каражаты айдап келген карагулга 40%, кайтарган карагулга 40%, 20% ар түрдүү чыгымдарга берилсин.                                                                             Эгерде карагул канага түшкөн малды мал ээси угуп, алып кетпесе Бузуулар  комиссиясына өткөрүлүп берилет.       

  1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Барпиев