КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
2020-жылдын 22-марты № 3
“Айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө”
“КРнын Өкмөтүнүн 04.03.2020-жылдагы №124 “КРнын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана КРнын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомдорунун негизинде айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат орду бекитилсин.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын бир айлык эмгек акысы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндө эсептөө жагы ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Барпиев |