Редакцияот 22.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

 

2020-жылдын 22-марты № 4

“Айыл аймактагы милициянын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын кароо жөнүндө”

Кыргызстандагы абалга (пандемияга) байланыштуу айыл аймактагы тартипти көзөмөлдөө максатында Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын карап берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын 5000 (миӊ) сом өлчөмүндө, азыркы абал (пандемия) жөнгө салынганга чийин мыйзам ченемдүү карап берүү жагы ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
  2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Барпиев