Редакцияот 12.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

 

2020-жылдын 12-октябры № 1/2

“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата атайын каражаттар бөлүмүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүн эсепке алуу жөнүндө”

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар бөлүмүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар (14238900 беренеси) бөлүмүнө түшүүчү 139200 (бир жүз отуз тогуз миӊ эки жүз) сом акча каражаты COVID 19 пандемиясына байланыштуу кошумча киреше катары каржылоо булагынан кыскартылсын.
  2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар бөлүмүнүн чыгашалар беренесине (22154900) көрсөтүлгөн 139200 (бир жүз отуз тогуз миӊ эки жүз) сом акча каражаты чыгымдоолор беренесинен кыскартылсын.
  3. Жогорудагы акча каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнөн кыскартуу жагы финансы экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
  4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.               

 

Төрага

С.Барпиев