Редакцияот 12.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

2020-жылдын 12-октября № 2/1

“Ак-Сай айылындагы мечитке Халифа Хазрети “Ибрахимжандын” ысымын коюу жөнүндө”

Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин Ак-Сай айылына курулган жамааттык мечитке Халифа Хазрети “Ибрахимжан” атындагы мечит деп атоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Сай айылына курулган мечитке Халифа Хазрети “Ибрахимжандын” ысымы ыйгарылсын.
  2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык комитетине милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Барпиев