КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2020-жылдын 12-октябры № 2/3
“Ак-Суу айылынын тургуну Абдылдабеков Курманалынын жана уулу Бакыттын арызын кароо жөнүндө”
Ак-Суу айылынын тургуну Абдылдабеков Курманалынын менин огородумдун жанындагы бош жер аянтын көп жылдан бери көрктөндүрүп келгем, ошол жерди уулум Бакытка турак жай салууга мыйзамдуу бөлүп бериӊиз деген мазмундагы арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылынын тургуну Абдылдабеков Курманалынын арызы эске алынсын.
- Курманалы уулу Бакытка турак жай салуу үчүн жер тилкесин мыйзам чегинде карап чечүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Барпиев |