Редакцияот 12.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

 

2020-жылдын 12-октябры № 2/5

“Жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдик негизде контрагын төлөө менен врач даярдоо жөнүндө”

Ак-Суу айыл аймагында калктын саламатыгына кам көрүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдик негизде контрагын төлөө менен Медициналык Академияга 1(бир) студентти окутуп, врач даярдоо жөнүндө социалдык комитеттин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Суу айыл аймагынан Медициналык Академияга 1(бир) студентти жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдик негизде контрагын төлөп, окутууга макулдук берилсин.
  2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинен акча каражатын кароо жана келишимди даярдоо жагы ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
  3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Барпиев