Редакцияот 02.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIV сессиясынын

 

2020-жылдын 02-июну № 1

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 02.06.2020-жылдагы “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын түзүүгө макулдук берүү тууралуу 28.05.2020.ж №01-17/503 кайрылуусу жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 28.05.2020-жылдагы “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү тууралуу № 01-17/503 кайрылуусу жөнүндө депутаттардын сын пикирлери угуп жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү  XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын ПМК участкасында жайгашкан “Росинка” балдар бакчасы атайын соттун чечими менен РЕЕСТРге киргизилип кабыл алынгандыктан келечек муундардын таза тарбия алуусу үчүн обсервация кылууга макулдук берилбесин.

2.Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристь М.Каипов жана айылдык Кеңешинин Укук жана Мыйзамдуулук комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык балдарды колдоо үчүн тез арада балдар бакчасы болуп ишке киргизүү уюштурулсун.

3.Токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.

                                                                                                                                                                                          

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы

К.Аттокуров