Редакцияот 12.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХV сессиясынын

 

2020-жылдын 12-июну № 4

Кеңеш айыл аймагындагы үшүк алган эгиндер жана Донуз ойнор, Сары жайык жайыттары жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун 11.06.2020.жылдагы №01-17/558 сандуу катында көрсөтүлгөн ар бир айылдан түзүлгөн актысынын негизинде  Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2020-жылдын 15-апрель күнү күтүүсүздөн жааган жамгырдын жана кардын кесепетинен Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдарында мөмө жемиш, жашылча өсүмдүктөрдү  үшүк алып кеткен актыда көрсөтүлгөн Кара-Жыгач, Сейитказы, Кызыл-Октябрь айылдарындагы  үшүк алган эгин талаалары көрсөтүлгөн актыга жараша бекитилсин.
  2.  Донуз ойнор, Сары жайык участокторундагы чөп жайыттарын мал жандыктар жеп кеткендигине байланыштуу Доңуз ойнор  учаскасында 266,88га, Партизан участогунда 46,63га, кичи жана чон Сары-жайык участогунда 498,01га жер аянтына жазылган актысы бекитилсин.
  3. Токтомдун мыйзамдуу жагын карап берүү Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каиповго милдеттендирилсин.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
  5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына  милдеттендирилсин.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы

К.Аттокуров