Редакцияот 15.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизХXIV-сессиясы

2020-жылдын 15-июну № 1

Сайдыкум айылдык Кеңешинетөрага жана жооптуу катчысы штаттарды бекитүү жөнүндө

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезексизXХIV- сессиясы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерге акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” № 64-токтомуна негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Сайдыкум айылдык Кеңешине,Кыргыз Республикасынын

        өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери

        жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик

        агенттиктин 28.05.2020-жылындагы №01-25\119 сандуу,

        Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын

        28.05.2020-жылдагы №01010\92 сандуу каттарына негиз,

        Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын

        04.06.2020-жылдагы №01-10\961 сандуу катын аткарууга алып,

        төрага жана жооптуу катчысы штат бирдиги бекитилсин.

2.    Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын жана

        жооптуу катчысынын айлык маяналарынын өлчөмдөрүн

        мыйзам чегинде чегерүү Сайдыкум айыл өкмөтүнүн каржы-

        экономика бөлүмүнүн башчысы К.Абдыкадыровко тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңештин

        төрагасынын орун басары Т.Абдураимовко жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Турсункулов