СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХIV-сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 3
Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Э.Доолоталиевдин билдирүүсү жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жердеги мисте бактын ижара акысынын өлчөмү жөнүндө Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Э.Доолоталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII – чакырылышынын кезексиз ХХIV—сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы совхоз мезгилинде отургузулган мисте жана жаңгак бактын бүтүндүгүн сактоо үчүн жана ижара акысын өлчөмү 2000 (эки мин) сом, салык төлөмдөрүнөн сырткары жана ар бир мисте түбүнө 10 (он) сом өлчөмүндө болуп белгиленсин.
- Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы совхоз
мезгилинде отургузулган мисте жана жаңгак бактын бүтүндүгүн сактоо иш чаралары боюнча жумуштарды Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Г.Токторбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |