Редакцияот 15.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы

2020-жылдын 15-июну № 7

Кызыл-Ай айылы Сайдыкум айыл аймагындагы сугат суу скважиналарын капиталдык ремонтоо үчүн Жалал-Абат Өнүктүрүү Фондуна долбоор өткөрүү жөнүндө

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХIV- сессиясы Сайдыкум айыл аймагынын Турпак-Коргон, Хажир-Абат, Жаңы-Абат айылдарынын тургундарынын скважиналарды капиталдык ремонт кылып берүү боюнча жазып кайрылган арызын  угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл аймагынын Турпак-Коргон, Хажир-Абат,Жаңы- Абат  айылдарындагы скважиналарга капиталдык ремонт  жасалсын.                               

2. Сайдыкум айыл аймагынын Турпак-Коргон, Хажир-Абат, Жаңы- Абат айылдарындагы скважиналарды капиталдык ремонт кылуу  долбоорунун смета,проект,курулушка уруксат кагаздарын берүү үчүн тийиштүү иш кагаздарын жасап, каражат бөлүп берүү жагы  КЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.                                                             

3. Сайдыкум айыл аймагынын Турпак-Коргон, Хажир-Абат, Жаңы- Абат айылдарындагы скважиналарды капиталдык ремонт кылуу  боюнча долбоорду, Жалал- Абат Өнүктүрүү Фондуна сунуш кылып өткөрүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевке милдеттендирилсин.                                   

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясын төрагасы А.Ирисовко  жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Турсункулов