Редакцияот 29.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VII  чакырылыштагы  Өрүктү айылдык Кеңешинин  кезектеги  II  сессиясы

 2020-жылдын 29-майы № 7

Өрүктү айылдык Кеңешинин депутаттарынын курамын толуктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Өрүктү Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Амиракулов Тынчтыкбек Султаналиевичтин арызынын негизинде  Өрүктү айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Амиракулов Тынчтыкбек Султаналиевичтин арызы канааттандырылсын.

2.Мөөнөтүнөн мурда депутаттык ыйгарым укуктары токтотулгандыгына байланыштуу, депутаттык мандаты кийинки турган депутатты дайындап берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик  реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын.

 

Айылдык Кеңештин төрагасы

Аким уулу Азамат