Редакцияот 28.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХIV   сессиясы

 

2020-жылдын 28-август № 2

Күндүзгү стационар жѳнүндѳ

 Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, мамлекеттеги Коронавирус инфекциясынын (COVID-19)  таралышына жол бербѳѳ  максатында  Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №6 үй бүлѳлүк дарыгерлер тобунун имаратына элдик салым каражаттары менен салынып жаткан кошумча каананын курулушуна каражат кароо максатында Сакалды айылдык кеңешинин XXVII  чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №6 үй бүлѳлүк дарыгерлер тобунун имаратына элдик салым каражаттары менен салынып жаткан кошумча каананын курулушуна каражат кароо максатында жергиликтүү бюджеттин 3111 беренесинен 250,0 сом акча каражаты  имараттын жетишпеген керектелүүчү буюмдарын (эшик,терезе ) сатып алуу үчүн ажыратылсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Масировго тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Д.Бекназаров