Редакцияот 09.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

 

2020-жылдын 9-июлу № 2

Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айыл өкмөтү Хельветас Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын  Кыргыз Республикасындагы Филиалы менен Covid-19 пандемиясы учурунда кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан калкка үзгүлтүксүз, сапаттуу кызмат көрсөтүүсүн камсыздоо үчүн финансылык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуусунун негизинде Сакалды   айылдык кеңешинин XXVII  чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

         1. Хельветас Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын  Кыргыз Республикасындагы Филиалы Сакалды айыл өкмөтү аркылуу «Сакалды-Таза-Ичимдик-Суу» ИСККБсынын Чоң-Багыш участкасына  105 000 (Бир жүз беш миң) сом субсидия бериши үчүн Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 105 000 (Бир жүз беш миң) сом, чыгаша бөлүгүнө 105 000 (Бир жүз беш миң) сом өзгөртүү киргизилсин.

         2. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамдаштыруу Сакалды айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Турганбаевага жүктөлсүн.

         3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл ѳкмѳт башчысы Ш.Масировго  милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Д.Бекназаров