Редакцияот 09.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

 

2020-жылдын 9-июлу № 3

Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча Сакалды айыл аймагынын Чоң-Багыш айылынын көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү жобосун бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айыл өкмөтү Хельветас Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын  Кыргыз Республикасындагы Филиалы менен Covid-19 пандемиясы учурунда кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан калкка үзгүлтүксүз, сапаттуу кызмат көрсөтүүсүн камсыздоо үчүн финансылык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуусунун негизинде Сакалды   айылдык кеңешинин XXVII  чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча Сакалды айыл аймагынын Чоң-Багыш айылынын көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү жобосу бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Д.Бекназаров