Редакцияот 09.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХХ - сессиясы 

 

2020-жылдын 9-декабры № 40/4

    

Көк-Жаңгак шаарындагы «демилгелүү жаштар» уюмунун кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардагы «демилгелүү жаштар» уюмунун кайрылуу катын карап чыгып,  (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХХ –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы «демилгелүү жаштар» уюмунун түзүлгөн иш- чаралары Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.

2. Көк-Жаңгак шаарындагы «демилгелүү жаштар» уюмунун түзүлгөн иш- чараларын киргизүү жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Б. Маткаримов