Редакцияот 20.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХIХ сессиясы

 

2020-жылдын 20-октябры № 39/2

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 20.10.2020-жылдагы № 1-12/813 кайрылуу каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын К.Рыскулов көчөсүндөгу № 15 үйдүн жалпы аянты 590 кв/м. түзгөн жер тилкесинин ээси К.Юсупжанов өз калоосу менен 400 кв/м. жер аянтын шаардын муниципалдык менчигине өткөрұп берүү жөнүндө арызын карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгу №15 үйдүн 590,0 кв/м жер тилкесинин 400,0 кв/м. жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Б. Маткаримов