Редакцияот 27.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы

 

2020-жылдын 27-августу № 37/4

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 07.08.2020-жылдагы № 1-12/630 кайрылуу каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Коммунал көчөсүндө жайгашкан 312,0 кв.м., Коргонташ көчөсүндө жайгашкан 0,13га жана А.Алишев көчөсүндө жайгашкан 0,15га жер аянттарын шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы Коммунал көчөсүндө жайгашкан  312,0 кв.м. жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

2.Көк-Жаңгак шаарындагы Коргонташ көчөсүндө жайгашкан 0,13га  жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

3.Көк-Жаңгак шаарындагы А.Алишев көчөсүндө жайгашкан 0,15га  жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Төрага

Б. Маткаримов