Редакцияот 28.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясы

 

2020-жылдын 27-августу № 37/8

    

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 28.07.2020-жылдагы № 1-12/608 кайрылуу  каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 28.07.2020-жылдагы № 1-12/608 кайрылуу катын карап, талкуулап чыгып  Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын  (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчигине катталган Октябрдын 40 жылдыгы бульварынын №6 үйүндөгү эски балдар консультациясынын бөлмөсүн жалпы дарыгерлер борборунун өтүнүчүнүн негизинде Көк-Жаңгак шаарынын тургуну А.Насыровго  акысыз жеке менчике  өткөзүп алуу үчүн макулдук берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын тактоо жана коммуналдык менчик департаментинин балансынан муниципалдык реестринен Октябрдын 40 жылдыгы бульварынын №6 үйүнүн эски балдар консультациясынын бөлмөсүн чыгаруу жагы КМДнын бөлүм башчысы Н.Болотбековго жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

    Төрага

Б. Маткаримов