Редакцияот 10.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 10-апрели № 2

№ 2175 Жогорку Арал жана № 2177 Арал шайлоо участкаларынын чек араларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен, Базар Коргон, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн 30.09.2019- жылдагы №01-5/05 сандуу катынын негизинде жана этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын токтомун  угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
  2. № 2176 Жогорку Арал шайлоо участкасынын чек арасы Арал айылынын калк отурукташкан аймагынын көчөлөрү толугу менен

Интернационал айылынын Басин, Достук, А.Осмонов көчөлөрү толук, колхоз көчөсү (жуп жагы №2-20, Темирбаев Эркиндин үйүнөн  Ахмеджанов Абдимиталиптин үйүнө чейин, так жагы 1-39,5 Ахмедалиев Курманбектин үйүнөн Назаров Бахтыярдын үйүнө чейин үйлөр) бекитилсин.

  1. № 2177 Арал шайлоо участкасынын чек арасы Черемушка, Чертек Таш айылынын калк отурукташкан аймагынын көчөлөрү толугу

менен Интернационал айылынын Калдаров, Чапаев, Спортивная, Ленин, Токтогул, Исанов көчөлөрү толук, колхоз көчөсү (жуп жагы № 22-130 Мурзахмедов Казимжандан Розахунов Мейлибайдын үйүнө чейин, так жагы 49-143 Шадыканов Эрландан Ахматахунов Рахманжандын үйүнө чейин үйлөр) бекитилсин.

  1. Токтомундун  аткарылышын көзөмөлдөө этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төайымы Ө . Нурматовага

милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Мустапакулов