Редакцияот 18.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 18-июну № 2

2021-2023-жылдарга бюджеттин болжолдуу киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө

Арал айыл өкмөтүн ФЭБ б башчысы Ж.Акматалиевтин Арал айылынын жергиликтүү бюджетинин 2021- 2023-жылдарга угузган  бюджеттин болжолдуу  киреше бөлүгүнүн долбоорун угуп жана талкуулап , “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин”  жетекчиликке  алып  Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХХVI–сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2021-жылга карата Арал айылынын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу киреше бөлүгү 9368,0 миң сом, 2022-жылга 9534,0 миң сом, 2023 –жылга 9712,0 миң сом долбоору бекитилсин.
  2.  2021-2023-жылдарга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Жумалиевке милдеттендирилсин

 

Төрага

А.Мустапакулов