НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-октябры № 1
«Ноокен айыл өкмөтүнүн Параканда айылынын атын өзгөртүү жөнүндө»
Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А.К.Мадумаровдун тапшырмасы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын чек ара аймагында жайгашкан айылдардын, калктуу конуштардын аттарын иреетке келтирүү тапшырмасы аткарууга алынсын.
- Ноокен районунун Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу “Параканда” айылынын аты “Баракелде” айылы болуп өзгөртүлсүн.
- Айылдын атын өзгөртүү боюнча иш кагаздарын даярдоо, айыл башчы Р.Гапаровко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А. Муратов |