МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-июлу № 10-8-6
Улуттук көчмөндөр оюнуна барып катышып келүүгө 18 кишиге (аксакалдар) 50,0 миӊ сом акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун шаар аймагында коронавирус илдетинин жайылышына бѳгѳт коюу максатында карантинге алынган кѳчѳлѳрдү кайтаруу жѳнүндѳгү маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII чакырылышынын Х кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилгендигин эске алып, коронавирус илдетинин шаар аймагына тарап кетүүсүнѳ бѳгѳт коюу максатында карантинге алынган Ташкентская,Одесская жана Крупская кѳчѳлѳрүн күзѳткѳ алууда кезекте кайтарууда турган ШИИБнүн жана мекеме-ишканаларынын кызматкерлерин, ошондой эле обсервацияда жаткан жарандарды тамак-аш менен камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100,0 миӊ сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык каржы бѳлүмүнүн башчысына (Г.С.Райимбековага) жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (А.А.Айтиевке) жүктөлсүн.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаровко) жана шаардын мэрине (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.К.Барбиев |
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы VIII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовдун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Улуттук көчмөндөр оюнуна Майлуу-Суу шаарынан он сегиз кишиге (аксакалдар) барып, катышып келүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.К.Барбиев |