МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 10-8-7
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигинен бѳлүнүп берилген 168,0 миӊ сом каражатын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун жана шаардык каржы бѳлүмүнүн башчысы Г.С.Райимбекованын маалыматын угуп, карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII чакырылыштагы Х кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун жана шаардык каржы бѳлүмүнүн башчысы Г.С.Райимбекованын маалыматы жана
депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигинен бѳлүнүп
берилген 168,0 миӊ сом каражаты COVID 19 вирусуна байланыштуу карантинде отурган (карантин учурундагы) шаар тургундарынын аярлуу катмарына финансылык жардам кѳрсѳтүү максатында пайдаланылсын.
- Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык каржы бѳлүмүнүн башчысына (Г.С.Райимбековага) жүктөлсүн.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн
Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу
комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жана шаардын мэрине (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.К.Барбиев |