МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 10-8-10
Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн тѳлѳмдѳрдүн мѳѳнѳтүн жылдыруу боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер министри М.Д.Абылгазиевдин 2020-жылдын 30-мартындагы №186 буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн 2020-жылдын 7-апрелиндеги №101-б буйругунун негизинде, COVID 19 илдетинин жыйылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу,экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу максатында, Майлуу-Суу шаардык мэриянын 2020-жылдын 13-апрелиндеги №71-б буйругунун негизинде Майлуу-Суу шаардык Кеңештин VIII чакырылышынын Х кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Премьер министри М.Д.Абылгазиевдин 2020-жылдын 30-мартындагы №186 буйругунун жана Кыргыз
Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн 2020-жылдын 7-апрелиндеги №101-б буйругунун негизинде, COVID 19 илдетинин жыйылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу,экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу максатында, Майлуу-Суу шаардык мэрия тарабынан кабыл алынган 2020-жылдын 13-апрелиндеги №71-б буйругу эске алынсын.
- Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2020-жылдын 13-апрелиндеги №71-б буйрунун 3-пунктуна ылайык Муниципалдык мүлктүн
ижарасы үчүн тѳлѳмдѳрдүн мѳѳнѳтүн 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 3 (үч) ай кийинкиге жылдырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (А.И.Айтиевге) жүктѳлсүн.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн
Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардын мэрине (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.К.Барбиев |