Редакцияот 03.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 3-июлу № 10-8-14

Шаардык билим берүү бѳлүмүнүн эсебинен 250,0 миӊ сом акча каражатын беренеден беренеге которууга уруксат берүү жөнүндө

Майлуу-Суу шаардык билим берүү бѳлүмүнүн 2020-жылдын 03-июлундагы чыг.№01-04/321сандуу катын карап, чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII чакырылышынын Х кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Майлуу-Суу шаардык билим берүү бѳлүмүнүн 2020-жылдын 03-июлундагы чыг.№01-04/321 сандуу каты жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
  2. Майлуу-Суу шаардык билим берүү бѳлүмүнүн балдар бакчалары үчүн 2020-жылга каралган акча каражаттан 22181100 беренесинен үнѳмдѳлүп калган 250,0 миӊ сом акча  каражатын  22221200  беренесине (медициналык каражаттарды сатып алуу үчүн) которууга уруксат берилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык билим берүү бѳлүмүнүн башчысына ( Д.И.Караевага) жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом катталсын  жана Кыргыз Республикасынын  укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаровко) жүктөлсүн.

 

Шаардык кеӊешинин төрагасы:

 

Б.К.Барбиев