Редакцияот 07.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы

 

2020-жылдын 7-февралы № 51

“Ак-Сай айыл аймагынын” коомдук алдын алуу борборунун усатвын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №747 “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, “Ак-Сай айыл аймагынын” коомдук алдын алуу борборунун уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү каттоо жөнүндө) мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып токтом кылат:

4.  Ак-Сай айыл аймагынын коомдук алдын алуу борбору-мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүсүн жана төмөндөгүдөй аталсын;

Мамлекеттик тилде: “Ак-Сай айыл аймагынын” коомдук алдын алуу борбору мекемеси.

Расмий тилде: Учреждение – “Общественное-профилактический цент “Ак-Сайского айылного аймака”

5.  «Ак-Сай айыл аймагынын» коомдук алдын алуу борбору – мекемесинин иштелип чыккан Уставы бекитилсин.

6.  Юридикалык дареги: Баткен облусу, Баткен району, Ак-Сай айыл аймагы, Ак-Сай айылы М.Атабеков көчөсү №37 үй.

7.  «Ак-Сай айыл аймагынын” коомдук алдын алуу борбору” – мекемеси Баткен облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

8.  «Ак-Сай айыл аймагынын” коомдук алдын алуу борбору” – мекемесинин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.

9.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары:

 

Б.Дубанаев