Редакцияот 07.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы

 

2020-жылдын 7-февралы № 47

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жайыт пайдалануучуларга жайыт акын белгилөө жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт акыларын бааларын бекитүү тууралуу Жайыт комитетинин башчысы С.Абдиллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкууулап, Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын жайыт акысын жыйноо төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин.

Айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн:

КРС (уй) – 100 сом

Жылкылар – 200 сом

Кой – эчки – 36 сом

Музоо - 50 сом

Улак – козу - 18 сом

Башка өкмөттөрдөн келген малдар үчүн:

КРС (уй) - 180 сом.

Музоо - 90 сом.

Кой – эчки жазгы жайыт үчүн – 36 сом.

Улак – козу 18 сом

Жылкы - 200 сом.

Бир cезонго 400 сом түтүн пулу белгиленсин.

 

Айыл аймагынын жайытына 10 күндөн ашык отурукташкан жарандарга жайыт акы төлөө жагы милдеттендирилсин.

  1. Жайытка чыгаруучу малчылар менен келишим түзүп, малдарды жугуштуу илдеттерге каршы вакцинациялоону уюштуруу жагы ветеринарга

- жайыт акысын өз үчүнунда жайланышын камсыз кылуу жыйыт комитетинин төрагасы   С.Абдиллаевке тапшырылсын.

  1. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары:

 

Б.Дубанаев