Редакцияот 07.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы

 

2020-жылдын 7-февралы № 45

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жер тилкелерин башка багытта пайдаланууга ижара акысынын баштапкы баасын бекитип берүү жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жер тилкелерин башка багытта пайдалануу үчүн ижарга берүнүн баштапкы баасын бекитип берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жер тилкелерин башка багытта пайдалануу үчүн ижарга берүнүн баштапкы баасы 1га жер тилкесине 1000 (бир миң) сомдон бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш чараларды аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары:

 

Б.Дубанаев