Редакцияот 07.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы

 

2020-жылдын 7-февралы № 44

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги суугат жер тилкелерин аукцион аркылуу ижарага берүү  акысынын баштапкы баасын бекитип берүү жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги суугат жер тилкелерин аукцион аркылуу ижарга берүнүн баштапкы баасын бекитип берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги суугат жер тилкелерин аукцион аркылуу ижарга берүнүн баштапкы баасы 0,01га жер тилкесине 150 (жүз элүү) сомдон бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш чараларды аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары:

 

Б.Дубанаев