Редакцияот 07.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы

 

2020-жылдын 7-февралы № 43

Ак-Сай айылына кошумча насостук бекет куруу үчүн 3200п.метр аралыкка суугат суу түтүкчөлөрүн орнотууга макулдук берүү жөнүндө

“2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо” жөнүндөгу Кыргыз Рспубликасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагында жер тилкелерин өздөштүрүү,  социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында Ак-Сай айылына кошумча насостук бекет куруу үчүн 3200 п.мерт аралыкка суугат суу түтүкчөлөрүн орнотууга жер аянтын бөлүп берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Сай айылына кошумча 3200п.м аралыкка суугат суу тутукчөлөрүн орнотууга жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
  2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары:

 

Б.Дубанаев