АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 42
Ак-Сай айылынын Бакай участкасына спорт зал курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
“2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо” жөнүндөгу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, Айыл өкмөтүнүн аймагында спротту өнүктүрүү жана элдин ден соолугуна кам көрүү үчүн Ак-Сай айылынын Бакай участкасына спорт зал курууга жер тилкесин бөлүп берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы токтом кылат:
- Ак-Сай айылын Бакай участкасындагы социалдык обьектилерин куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесинен спорт зал курууга 0,10га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Б.Дубанаев |