Редакцияот 20.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын X кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 20-майы № 69

Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө

Баткен районунун Т Садыков атындагы орто мектебинин мугалимдерин сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө аталган мектептин директору М Мамажунусованын билдирүусүн карап чыгып жана талкуулап Ак – Татыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Баткен райондук билим беруу бөлүмүндө Т Садыков атындагы орто мектебинин тарых мугалими Туратова Бүүсара Айтматовнаны Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” наамына көрсөтүлсүн .

2.  Баткен райондук билим беруу бөлүмүндө Т Садыков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Даабеков Абдинавини Кыргыз Республикасынын “Ардак граммотасына ” көрсөтүлсүн .

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы К Маматалиевке жүктөлсүн . 

Төрага

 

Ибраим уулу Т.