Редакцияот 24.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын

 

2020-жылдын 24-январы № 38

Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2020-жылга жана 2021-2022 жылдар үчүн божомолу жөнүндө

Самаркандек  айыл  өкмөтүнүн ФЭБнүн  башчысы Б.Шайдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңешинин V  чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылда киреше бөлүгүн 21533,3 мин сомго, чыгаша бөлүгү 19196,3 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
  2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга киреше бөлүгү 20856,9 мин сомго, чыгаша бөлүгү 20856,9 мин сомго бекитилсин.
  3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин2021-жылдын божомолу киреше бөлүгү 21650,1 мин сомго чыгаша болүгү 21650,1 мин сомго бекитилсин
  4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылга божомолу киреше бөлүгү 22936,3мин сомго, чыгаша бөлүгү 22936,3 мин сомго бекитилсин
  5. Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы экономика-бюджет боюнча туруктуу   комиссиясына  тапшырылсын.

 

Сессиянын төрагасы:

М. Тулаев