Редакцияот 23.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XI сессиясын

 

2020-жылдын 23-июну № 45

Айыл аймагындагы билим берүү,бала бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдоо иштеринин жүрүшү боюнча социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы К.Таабалдыеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин ХI cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл аймагындагы мектептердин,бала бакчалардын жаңы окуу жылына  карата оңдоо-түзөө иштеринин жүрүшүндө кемчиликтер  бар экендиги аныкталды.
  2.  Мектептерде, бала бакчаларда оңдоо-түзөө иштерин тездетүү жагы колго алынсын.
  3.  Жергиликтүү бюджетте бөлүнүүчү акча  каражаттарын  бөлүп берүү  10-июлга чейин камсыз кылынсын.
  4. Бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу өз учурунда пайдалануу,оңдоо-түзөө иштерин сапаттуу бүткөрүү мектеп жана балдар бакчаларыны жетекчилерине милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелр боюнча туруктууу комиссиянын төрайымы К.Таабалдыевага  милдеттендирилсин.

 

Сессиянын төрагасы:

М. Тулаев