Редакцияот 23.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XI сессиясын

 

2020-жылдын 23-июну № 48

Жол белгилерин орнотуу жөнүндө

 

Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында жол коопсуздугун сактоо максатында Паскы-Арык жана Жаны-Бак айылдарында жайгашкан борбордук автоунаа жолдорго жол белгилерин орнотуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн орун басарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенешинин V чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык жана Жаны-Бак айылдарындагы борбордук көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча тиешелүү мекеме ишканаларга айыл өкмөтү тарабына жолдомо каттар жөнөтүлсүн.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Шайдуллаевге тапшырылсын.

 

Сессиянын төрагасы:

М. Тулаев