Редакцияот 21.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясын

 

2020-жылдын 21-сентября № 50

Сугат суу пайдалаануучулар ассоциациясынын аткарып жаткан иштери жана жыйналган төлөмдөрү жөнүндө

Сугат суу пайдалаануучулар ассоциациясынын аткарып жаткан иштерин жана жыйналган төлөмдөрү боюнча СПАнын ишмердүүлүгүн   талкуулап Самаркандек айылдык Кенешинин  V чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айылдарда сугат суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерде кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
  2. Келтирилген кемчиликтерди ондоо тийешелүү жумуштарды жүргүзүү, суу төлөмдөрүн өз убагында жыйноо, карыздар менен эсептешүү жагы сугат суу пайдалаануучулар ассоциациясына жүктөлсүн.
  3. СПАнын  ишмердүүлүгүн жана СПАнын башчысын 2020-жылдын    21-октябрына чейин дайындоону уюштуруу, жана толук бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн. 
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жана айылдык кенешинин агрардык мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын

 

Сессиянын төрагасы:

М. Тулаев