Редакцияот 21.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясын

 

2020-жылдын 21-сентябры № 51

Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарбасына жараксыз жерлерге зоналдык коэффиценти жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 182 «Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде 2021-2023-жылдарга «Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын эсептөө үчүн «КЗ» зоналдык коэффицентин бекитип берүү максатында Самаркандек айылдык   Кенешинин  V чакырылышынын  кезектеги XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарбасына жараксыз жерлерге 2021-2023-жылдарга зоналдык коэффиценти КЗ 0,7 өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Сессиянын төрагасы:

М. Тулаев